Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Паралимпиадалык от Франциянын шаарларын кыдырууда

Спорттук мелдештер 8-сентябрга чейин созулат

Британиялык факелчилер паралимпиадалык отту франциялык спортчуларга өткөрүп беришти. Бул тууралуу Еuronews маалымдады.

Алардын арасында Лора Миллс да болду. Ал паралимпиадалык кыймылдын негиздөөчүсү Людвиг Гуттмандын чөбөрөсү.

Отту кабыл алган он эки факелчи эми Франциянын шаарларын кыдырууну баштады. Муну менен алар франциялыктарды паралимпиадалык оттун эстафетасына тартууну жана коомчулуктун көңүлүн майыптыгы бар адамдарга бурдурууну көздөшүүдө.

Сапарлар 28-августта Парижде аяктайт. Дал ушул күнү пралимпиадалык от жандырылат. Спорттук мелдештер 8-сентябрга чейин созулат. Ага 182 өлкөдөн 4 400 спортчу катышат. Анда спорттун 22 түрү боюнча беттештер орун алып, жалпысынан 549 медалдар топтому ойнотулат. Таймаштарга Кыргызстандан төрт спортчу катышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх