Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Россияга баруудан баш тартуу сунушталды

Кыргызстандын жарандары тийиштүү жардам же консультация алуу үчүн элчиликтин атайын телефондоруна кайрылса болот

Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Россияга баруудан баш тартуу сунушталды.

Тышкы иштер иштер министрлигинен билдиришкендей, Россиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россияга кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргызстандын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Ошону менен бирге, зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары тийиштүү жардам же консультация алуу үчүн элчиликтин төмөнкү телефондоруна кайрылса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх