Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо. Кыргызстандын курамасы Иранга утулду

Акшумкарлар кийинки беттешин өз оюн талаасында 10-сентябрь күнү Өзбекстанга каршы өткөрөт

Кечээ футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагындагы старттык беттешинде Иран менен кез келди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Исфахан шаарынын (Иран) «Фуладшехр» стадионунда орун алды. Оюндун алгачкы бөлүгү талаа ээлеринин 1-0 эсебиндеги пайдасында (голдун автору-Мехди Тареми, 34') аяктады. Ал эми, экинчи бөлүктө Максим Лисицындын оюнчулары чабуул жана атаандаштын дарбазасына көптөгөн соккуларды жаратканына карабастан эсеп сан, тилекке каршы, өзгөргөн жок. Ошентип беттеш, Иран курамасынын жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Акшумкарлар кийинки беттешин өз оюн талаасында 10-сентябрь күнү Өзбекстанга каршы өткөрөт. Беттеш борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө баштадат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх