Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Примов Пекинде КЭР төрагасынын орун басары менен болгон жолугушууга катышты

Жолугушууга КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан гана катышкан

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары Хан Чжэн менен болгон жолугушууга катышты.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууга эл аралык парламентарийлердин форумуна катышуу үчүн Кытайга келген 40тан ашуун өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, жолугушууга КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан гана катышкан.

"Парламенттер аралык кызматташтыктын жанданышы кубандырбай койбойт, айткени, COVID-19 пандемиясы өзгөрүүлөрдү жасады жана бир нече жылдан бери биз "жандуу" жолугушууларды өткөрө алган жокпуз. Кыргыз тарап Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген парламенттик жана партиялык делегациялардын Кытайга мындай сапарларын уюштурууну колдойт жана активдүү кызматташууга даяр", - деди Улан Примов.

Ал салттуу достук маанайда өткөн бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты алга жылдырууга да тийиштүү деңгээлде таасирин тийгизерин кошумчалады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх