Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда Казакстан жана Россияга салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы арзан

Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктылардын баалары каймак майы 15 сомго, уй эти 60 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго жогорулаган

Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы арзан. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 4-сентябрга карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөрдө азык-түлүк продуктыларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болду.
Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларында азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 13,59%га жана Россиядан 16,17% га төмөн экендиги аныкталды.

Эске салсак, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 1,86% га жогорууласа, коңшу Казакстанда базар баалары 1,05% га, ал эми Россияда 0,08 %га жогрулагандыгы байкалды. Мисалы:

Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктылардын баалары каймак майы 15 сомго, уй эти 60 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго жогорулаган:
Ош шаарында пастерленген уй эти 10 сомго, кой эти 35 сомго жогоруулаган:
Каракол шаарында азык-түлүккө болгон баа туруктуу жана бир аптанын ичинде өзгөрүүлөр байкалган жок.
Казакстандын төмөнкү шаарларындагы бааларга мониторинг жүргүзүлгөн:

Актөбө облусундагы азык-түлүкө болгон баалар пастерленген сүткө жана уй этине баа жогорулагандыгы байкалган;
Костонай облусунда макарон 1 сомго, сабиз 1 сомго жана картөшкө 1 сомго жогорулаган;
Карагандада азык-түлүктүн баасы туруктуу, уй эти 5 сомго жогорулаган.
Ал эми Россиянын:

Тюмень облусунда нандын баасы 1 сомго жогорулаган;
Саратов облусунда тоок жумурткасы 2 сомго жогорулаган;
Красноярск облусунда макарон, кумшекер, рожки сыяктуу продуктыларына 2 сомго жогорулаган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх