Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: кыргыз командасынын негизги атаандаштары айтылды

Ушул күндөрү Астанада Алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтүүдө

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер башталды. Маалыматка ылайык Кыргызстандын намысын 12 спортчу коргоп жатат. Аталган күрөштүн түрү боюнча Кыргызстандан барган эл аралык калыс Турдуев Абдухалилдин айтымында килемге Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстандан жана Монголиядан келген күчтүү командалар чыкмакчы.

Анын айтымында кыргыздан тараган Алыш күрөшү 20 жылдан бери дүйнөнүн булуң бурчуна жайылып, жыйынтыкта бүгүнкү күндө 50дөн ашык өлкөнүн катышуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууда.

Абдухалил Турдуев бул жагдай абдан сыймыктанарлык экенин белгилеп, ошол эле маалда учурдагы кыргыз командасынын негизги атаандаштары түркмөндөр менен өзбек балбандары экенин кошумчалады

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх