Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Таиландда зордуктоого айыпталып жаткан кыргызстандык боюнча маалымат берди

Таиланддын компетенттүү органдары бул кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө

Таиландда Кыргызстандын жараны зордуктоого айыпталып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Таиланддын компетенттүү органдары бул кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жаран менен байланышта болуп, ага Кыргызстандын Таиланддагы Ардактуу консулу менен биргеликте зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх