Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандын Бухара театры быйылкы сезонун Султан Раевдин драмасы менен ачты

Учурда Өзбекстандагы бир нече театрларында С.Раевдин драмалары коюлууда

Өзбекстандагы эң байыркы театрлардан бири – Бухара драма театры быйылкы театр сезонун белгилүү кыргыз жазуучусу жана драматург Султан Раевдин "Овсар" ("Маң") аттуу драмасы менен ачты, деп билдирет өлкөнүн Маданият министрлиги.

Маалыматка караганда, спектаклди өзбек театр өнөрүндөгү өзгөчө дүйнө таанымы, көз карашы, театралдык стили менен айырмаланган режиссер Лазиз Наврузов сахналаштырган. Ал спектаклдин философиялык, психологиялык өзгөчөлүгүн, ички карама-каршылыгын, контрасттарын кылдат алып чыккан.

Эскерте кетсек, учурда Өзбекстандагы бир нече театрларда С.Раевдин "Топон", "Ханышанын көз жашы", "Илегилек", "Барсбек" жана башка драмалары коюлууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх