Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Путин адилеттүү дүйнөлүк тартиптин негизи боло турчу алты принципти атады

Президент Владимир Путин Валдай талкуу клубунун ишине катышты

Ал туруктуу дүйнөлүк тартип теңчилик идеясына гана негизделиши мүмкүн экенин белгиледи.
Бир моделди баарына таңуулоого болбойт, эл аралык коомчулук тирүү организм. Бул тууралуу Россия президенти Владмир Путин “Валдай” форумунда айтты.

Ал жаңы адилеттүү дүйнөлүк тартиптин негизи боло турчу алты принципти атады.

1. Кызматташуудагы ачыктык – көпчүлүк өлкөлөр жана элдер үчүн эң маанилүү баалуулук
2. Бир моделди баарына таңуулоого болбойт. Эл аралык коомчулук тирүү организм
3. Жаңы дүйнө бардык өкүлдөрдүн катышуусунда гана ийгиликтүү өнүгөт. “Улуу державалар” өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын башкаларга таңуулоого көнгөн
4. Баары үчүн коопсуздук башкы орунда. НАТО бүгүнкү күндө дүйнөдөгү жалгыз анахронизм блогу
5. Адилеттүүлүк. Теңсиздик — азыркы дүйнөнүн балээси. “Цивилизациялуу Батыш” жана “артта калган варварлар” жөнүндөгү түшүнүктөр — расисттик стереотип
6. Туруктуу дүйнөлүк тартип теңчилик идеясына гана негизделиши мүмкүн. Батыш бардыгын тизгиндеп туруу үчүн өз кызыкчылыгын гана көздөйт.

Эл аралык “Валдай” дискуссиялык форуму – Россия жана башка өлкөлөрдүн саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы эксперттеринин биримдиги.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх