WSJ: Трамптын командасы Украина чатагын токтотуунун жаңы планын талкуулоодо
Бирок азырынча Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча бир дагы план жактырыла электиги айтылды
АКШдагы президенттик шайлоодон утту деп жарыяланган Дональд Трамптын айланасындагылар Украинадагы жаңжалды убактылуу токтото туруп, бирок курал берүүнү улантууну пландап жатат. Бул үчүн Киев бир нече жыл НАТОго кирүүдөн баш тартууну убадалашы керектигин Wall Street Journal гезити жеке булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады.
Гезиттин маалыматы боюнча, мындай планда жаңжалды токтотуп туруу жана фронттук линияларда демилитаризацияланган аймактарды түзүп алуу каралган.
"Трамптын кызматка киришмекчи болуп жаткан кеңсесинин сунуштарынын бири — Киевден кем дегенде 20 жылга чейин НАТОнун курамына кирбей туруу убадасын алууну камтыйт. Бул үчүн АКШ Украинаны курал менен камсыздоону улантат", — деп жазылат маалыматта.
Ошол эле учурда макалада демилитаризацияланган аймактардагы тартипти камсыздоо жоопкерчилигин кайсы тарап алары ачыкталган эмес.
Жеке булактардын бири "тынчтыкты колдоо үчүн күчтөр" деп айтылган жактарга америкалык аскерлер же болбосо БУУ өңдүү АКШ каржылаган уюмдар кирбесе болмок деген оюн айткан.
"Биз билим берүү жана башка колдоолорду көрсөтө алабыз, бирок курал менен камсыздоо — бул Европаныкы. Бул үчүн чыгым тартпайбыз. Мындайды поляктар, немец, британиялыктар же француздар кылышсын", — деген гезитке маек курган адам.
WSJ маалыматына ылайык, Трамп азырынча Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча бир дагы планды жактыра элек.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Fox News телеканалынын билдирүүсү боюнча, Трамп 538 шайлоочунун 295инин добушун алса, Харриске алардын 226сы гана ишеним көрсөткөн. Трамп Флоридада тарапташтары алдында сүйлөп жатып шайлоодогу жеңишин жарыялаган.
Июнь айынын ортосунда Путин Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарын айткан. Анда Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын аймактары деп таанылуусу каралган. Ошондой эле Украинанын блоктон тышкаркы жана өзөктүк куралсыз макамын бекитүү, Россияга каршы чектөөлөрдүн алынышы камтылган. Өлкө лидери бул демилге согушту токтотуп, аны саясий-дипломатиялык формада жөнгө салууга өбөлгө болорун айткан.
Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусуна кол салгандан кийин Путин карапайым элге, жарандык инфраструктурага сокку уруп, атомдук энергетикалык объектилерге коркунуч жараткандар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес деп билдирген. Кийинчерээк президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын тынчтыкты орнотуу боюнча сунуштары жокко чыкпаганын, бирок бул этапта Москва Киев менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын айткан.