Орусияда канча кыргызстандык мыйзамсыз жүргөндүгү айтылды
Бул категорияга Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында маалыматы жок адамдар кирет
Орусияда октябрь айына карата 71 миң 949 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүрөт. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул категорияга Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында маалыматы жок адамдар кирет. Алар эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзбөгөн, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөрбөгөн, миграциялык каттоого турбаган жарандар.
ТИМ миграцияда жүргөн жарандарга Орусиянын ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, өздөрүн тиешелүү маалымат базасына киргизип, "тобокелдик зонасынан" чыгуу үчүн тийиштүү документтерди берүүгө чакырды.