Вильнюста жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө кулап түштү
Анкаранын аэропортунда да жүргүнчү ташыган Орусиянын учагы кырсыкка учураганы маалым болгон
Литванын борбору Вильнюс шаарында жүк ташуучу учак эки кабаттуу турак жайдын үстүнө кулап түштү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кырсык бүгүн, 25-ноябрда эртең менен саат 5:30дар чамасында катталган. Учак Германиянын Лейпциг шаарынан Вильнюс аэропортуна учуп бара жаткан. Анын ичинде 4 экипаж мүчөсү болгон. Куткаруучулар учкучтун бирөөсүн куткарып чыгышкан, экипаж мүчөлөрүнүн экөө жаракат алып, дагы бирөө жеринде каза болгон.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жаткандыгы маалыматта белгиленген.
Белгилей кетсек, Анкаранын аэропортунда да жүргүнчү ташыган Орусиянын учагы кырсыкка учураганы маалым болгон.