Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын президенти Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Австрия менен Кыргызстанды тоолуу ландшафттын окшоштугу бириктирип турганын айтты

Президент Садыр Жапаров кече, 25-ноябрда, Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австрия Республикасынын Улуттук кеңешинин төрагасы Вальтер Розенкранц менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында президент Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине Австрия тарапка жылуу кабыл алуу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирген жазуу калтырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө басым жасоо менен кыргыз-австриялык өз ара мамилелердин бир катар маселелери боюнча пикир алмашты.

Вальтер Розенкранц президент Садыр Жапаровдун бул сапарына канааттанганын билдирип, Австрия менен Кыргызстанды тоолуу ландшафттын окшоштугу бириктирип турганын айтты. Ал белгилегендей, эки өлкөнүн уникалдуу тоолору өзүнүн табигый кооздугу менен гана суктандырбастан, туризм тармагын өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. Улуттук кеңештин Төрагасы Австриянын бул келечектүү тармактагы бай тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.

Вальтер Розенкранц ошондой эле эки өлкө туш болгон мөңгүлөрдүн эриши сыяктуу жалпы климаттык чакырыктарга көңүл бурду. Ал мөңгүлөр калкты ичүүчү суу менен камсыздоодо негизги ролду ойноорун жана аларды сактоо маанилүү милдет экенин баса белгиледи.

Эки өлкө парламенттеринин өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу Улуттук кеңештин Төрагасы Австрия демократиялык институттарды бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Вальтер Розенкранцты парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, ага Австриянын Улуттук кеңешинин Төрагасы катары алдыга койгон бардык максаттарын ишке ашырууда чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Кыргызстан демократиялык баалуулуктарга жана принциптерге бекем карманып, демократиялык жана укуктук мамлекет катары ырааттуу алдыга жылып жатканын баса белгиледи. Мындан тышкары, ал Австрия менен ар кандай тармактарда, анын ичинде технология жана инновация жаатында кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.

Президент австриялык компаниялар бай тажрыйбага ээ экенин жана эл аралык экологиялык стандарттарды эске алуу менен заманбап технологияларды колдонорун, бул Австрия менен кызматташууну артыкчылыктуу кылып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы парламенттер аралык деңгээлде Австрия менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигине токтолуп, ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрияга болгон алгачкы расмий сапары ийгиликтүү болгонун айта кетти.

Аягында президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн жана элдердин гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык деңгээлдеги — парламенттер аралык жана мамлекеттер аралык өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө бекем негиз болот деген ишенимин билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх