Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Порошенко жана капитуляцияга кол коюу, Ханты-Мансылык баатыр инструктор, Канаданын пляжындагы таң калыштуу көрүнүш

Жер шары жайында эле, болгону элдердин пейили бузулду

Украинанын президенти экинчи Дүйнөлүк согушта Германияны капитуляция кылуудагы актка кол койгон. Бул тууралуу Украинанын "Прямой«» телеберүүсү билдирди. Бул окуяга байланышкан "Первая минута мира" акциясынын сюжетинде мындай деген титрди колдонушкан:

"Германияны капитуляция кылуу учурунда Петро Порошенконун катышуусу менен кол коюлду".

Сүрөттү экрандан Facebook колдонуучу жарыялаган.

"Эмне, Порошенко дагыбы ? Ошол эле жетишпей атты эле!" - жазат ал немис тилинде.

Россиялык сенатор Алексей Пушков бул билдирүүгө өзүнүн Twitter баракчасында мыскылдоо менен комментарий жазды:

"Бул нерсе байыркы Украин князы Европанын тагдырын чечкенге окшоп калыптыр", - дейт Пушков.

Пушковдун божомолунда, журналисттер бул акция президент Петро Порошенконун катышуусу аркылуу өттү,- деп айткылары келсе керек.

Германиянын куралдуу күчтөрүн капитуляция кылуу тууралуу акт 7-майдын түнү француздук Реймсте, андан соң 9-майда немистик Карлхорсто өткөн. Союздаштар тарабынан, СССР, Улуу Британия, АКШ жана Франция кол коюшкан.

Чыныгы адамдар өлбөйт

Россиялык инструктор-парашютист туура эмес секирип алып, урунуунун кесепетинен ооруканада каза болгондугун URA.ru сайты жазат.

61 жаштагы Владимир Гайковой Ханты-Мансы автономдук округундагы Мегиондо парашюттан секиртүү боюнча инструктор болуп иштеген.

29-апрель күнү ал 15 жаштагы мектеп окуучусу менен бирге  2 миң метр бийиктиктен секиргенде негизги парашют ачылбай калган.

Кошумча парашют да бузулуп, кеч ачылып калган. Ошол учурда Гайковой жерге урунуудагы соккуну биринчи болуп өзүнө алган.

Инструктор менен жаш кызды ооруканага оор абалда жеткиришкен. Мектеп окуучусунун ден соолугунда анча деле коркунучтуу эч нерсе болбоптур. Бирок инструктор Владимир Гайковой 10 күн өткөн соң каза болгон. Бул инструктордун өлүмү тууралуу фактты Югранын саламаттык сактоо департаменти билдирди.

Тергөөчүлөр "коопсуздукка жооп бербеген кызмат көрсөтүү«» беренеси боюнча иш козгошту.

Сөөктүү булуң

Канаданын Британиялык Колумбия провинциясынын пляжында10 жылдын ичинде адамзаттын 14-баскычын табышкандыгын The Guardian билдирет.

Ванкувер менен Британдык Колумбиянын ортосундагы Габриола аралындагы Джорджия куймасынын жээгинде сейилдеп жүрүп, жергиликтүү тургун сөөктөрдү таап алган.

2017-жылдын декабрында да ушундай окуя болгон эле. Ити менен сейилдеп жүргөн киши ак байпагы бар, кра ботинка кийген бутту таап алган.

"Итим кандайдыр бир сөөктөрдү жыттап туруп калды. Мен бул сөөктөр кимидир бирөөнүн бут кийими менен буту экендигин байкадым", - дейт ал.

Айтмакчы,  бул табылгалар акырыкы он жылда табылган 14 табылганын аныкталган 8 болчу, ал буттар ар башка алты адамдын буттары болчу.

Бул сөөктөр тууралуу түрдүү божомолдор болгон:  аларды жаратылыш кырсыгынан, корабль талкаланганынан же авиакатастрофадан, алтургай маньяктардан да көрүштү.

Полициянын божомолунда жээкке өзүн өзү өлтүргөндөр же кандайдыр бир кырсыктан улам өлгөндөрдүн буттары келип калшы мүмкүн. Табылган буттардын биринде да травманын белгилери болгон эмес.

Жеңил жана бышык маериалдардан жасалган кроссовканын жардамы менен ал буттар жээкке келип калышкан, жана буттардын кетмендери жакшы сакталган.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх