Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Валентина Шевченко ММА дүйнөлүк рейтингин багынтты

Fight Matrix сайты белгилегендей, Кыргызстандын жараны аял мушкерлердин арасында ушул учурда алдыңкы орунду ээлеп турат

Аралаш кармашуунун мушкерлери Кыргызстандын жараны Валентина Шевченко менен орусиялык Хабиб Нурмагомедов ММА боюнча өз салмактарында дүйнөлүк рейтингди багынтышты. Рейтингди кадыр барктуу эле Fight Matrix сайты жарыя кылды.

Шевченко аядардын жеңил дивизионундагы алдыңкы саптан орун алды.

ТОП-5 дүйнөлүк рейтингинде жеңил салмактагылар төмөнкүчө орун алат:

1. Валентина Шевченко.

2. Кэтлин Чукагян.

3. Лиз Кармуш.

4. Сиджара Юбэнкс.

5. Никко Монтано.

Орусиялык аралаш кармашуунун мушкери Хабиб Нурмагамедов өз кезегинде эркектер арасындагы жеңил салмактуулардыны арасында биринчи сапта турат. Ал эми ирландиялык Конор МакГрегор болсо бешинчи позицияда турат.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх