Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Центерранын” койгон шарты Кыргызстан үчүн коркунучтуу

“Чаараттын” сунушун өкмөт кылдат карап чыгуу керек деп эсептейт эксперттер жана депутаттар

Кумтөр кенин сатып алуу боюнча британиялык “Чаарат” компаниясынын сунушун кыргыз өкмөтү кылдат карап карап чыгышы керек деп эсептейт тоо кен иштетүү тармагынын эксперттери жана депутаттар.

“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Vesti.kg сайтына - азыркы өнөктөш менен мамиле чыңалып бараткапнын билдирди:

“Чаарат” менен “Центерра” кандай болгон күндө да бул маселени чечиш керек, себеби 85% пайда “Центеррадан” түшүп жатат. Жылына биз андан болгону 7 миллиард сом алабыз. Бул өтө аз. Жок дегенде 20-25 млрд алышыбыз керек эле.

Депутат Дастан Бекешовдун пикиринде, бул компаниянын инвестициялык сунушунан баш тартаардан мурун анын экономикалык өнүгүү потенциалын дыкат иликтеп чыгуу керек. Аны “Чаарат” компаниясынын  “Центерра менен иштешүү шарттары толук ачык эмес экени менен түшүндүрсо болот.

- Бул жерде чоң тобокелчилик жатат,- деп билдирди парламентарий Vesti.kg сайтына. – “Центерра” алтын кендери бар башка чет өлкөлөр менен иштеше баштайт, анткени аларга акча керек. Андай болгондо, биздин акция үлүшүбүз жөн эле жуулуп кетет да бизге азыркыдай 26% эмес, 20% алтургай 18% гана калат.

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт жана тоо-металлургия тармагында иштегендерлдин профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажыбаевдин айтканына караганда, “Чаарат” компаниясынын сунушу пайдалуубу же жокпу, - аны сабаттуу макроэкономикалык иликтөөнүн жыйцынтыгында гана айтуу мүмкүн.

- “Центерранын” башка өлкөлөрдө да кендери бар, - деп эскертет ал. – Канткенде да биздин өлкө пайдасы көбүрөөк: баарынан 26% алганы оңбу же бир гана Кумтөрдөн 50 % алганы оңбу? Эсептеп көрүү керек.

- “Чаарат” компаниясынын сунушун так эсептебей туруп ар кандай жооруй берүүнүн кажети жок. Бул өлкөдөгү экономикалык акыбалга коз каранды,- деп белгилейт эксперт.

- Болжолдоп айта албайсың, -дейт Тажыбаев. - Бирок айта кетчү нерсе “Чаарат” бир күн эле жашаган фирмалардан эмес, акыркы жылдары жетишээрлик активдүү иштеп жатат.

Мурда Vesti.kg сайты “ Чаарат” компаниясы альтернативдик инвестициялар боюнча Лондон биржасында катталганын жана Кумтөр кенин “Центеррадан” сатып алууну көздөгөнүнжазып чыккан. Бул компания Кыргызстандагы геологиялык чалгындоо жана кен изилдөө иштерин жүргүзөт.

Инвестор кенге 800 млн доллар салганга даяр. Анын жарымын өзү, жарымын анын көзмөлүндөгу “Кыргызалтын” ААК төлөйт.

Каржылоо “Чаарат” компаниясынын озүнүн жана жана карыздаган каражаттары аркылуу ишке ашмакчы, аны эки эл аралык ири финансы ишканалары колдомокчу.
Ошол эле убакта калган 50% дивидендине ээлик кылып, кендеги башкаруучулук функцияны колуна “Кумтөр Голд” компаниясы алгысы келет.

“Чаарат” компаниясынын сунушу Кумтөр кенинин базар баасын 30 пайызга көтөрот.
Белгилей кетчү нерсе, азыр Кыргызстан үчүн кенден өндүрүлгөн алтындын 26% пайдасы эмес, андан аз дивиденд тийип жатат.

Бул сунуш ишке ашса, “ Кыргызалтын” Кумтөрдүн 50% дивидендин алууга укуктуу болот. Андан сырткары “Чаарат” компаниясы жакынкы 5-7 жыл ичинде республиканын тоо-кен иштетүү тармагына 600 млн АКШ долларын салууга ниеттенет.

Ольга Федорчук
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх