Инвесторлордун кызыкчылыгын көздөп, чиновниктер менен мамлекеттик органдар элдерге каршы иш кылып жатышабы?
Жерүйдүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү парламенттик комиссия 500 миң долларлык айып пулду жокко чыгарып, бул маселеде коррупциялык схема бар экендигин тастыктайт деген пикирлер бар
Депутаттык комиссия “Альянс Алтынга “ коюлган 500 миң доллар айып пулду жокко чыгарганга эч кандай укугу жок. Мындай оюн Vesti.kg сайты менен Кыргызстандагы тоокенөндүрүшү жана геологдор бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бөлүштү.
Өнөр жай, энергетика, кен байлыктарды иштетүү боюнча Мамлекеттик комитет жана Мамлекеттик экотехинспекция Жерүй алтын кенин иштетүүчү компанияга алтын иштетүүчү фабриканын курулушун кечеңдеткени үчүн 500 миң доллар айып пул салган болчу. Анын үстүнө Кожобек Рыспаев ГКПЭНдин төрагасы Уланбек Рыскуловго ал жердеги көйгөй менен таанышпай туруп ишкананы эмнеге айыпка жыккандыгы тууралуу маселе менен кайрылган.
Ошентсе да Мамтехинспекциянын архитектуралык курулуш көзөмөлү Башкармасынын начальниги Таалай Аширбаев Vesti.kg сайтына берген маегинде алтын казуу фабрикасындагы курулуш дагы эле баштала электигин билдирди.
- Биздин адистер Жерүйдөгү курулуш болуп жаткан жерге такай чыгып турушат. Азыр ал жерде даярдык жүрүп жатат, жолдор курулуп бүттү, жумушчулар үчүн жатакана курулду. Жакынкы аралыкта компания алтын иштетүүчү фабриканы куруп баштайт. Чарбалык-финансылык иш терди биздин мекеме көзөмөлдөбөйт, аны менен башка мамлекеттик мекемелер алектенишет. Биз келишимдин шарттары жана айып пулдарды биз көзөмөлгө албайбыз.
Чындап эле мындан бир аз убакыт мурун кудум ушундай маалымат менен Vesti.kg сайтына өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу Мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Азис Сапаралиев кайрылган.
Чиновниктердин келтирген жүйөөлөрүнө крабастан бул жолдордун, жатаканалардын курулушун фабриканын курулушунун башталышы дегендикке жатпайт. Анын курулушун башталгандыгын компаниядагылар былтыр ноябрда эле айтышкан.
- Бул компанияны ГКПЭН айыпка жыгышы керек ! Бирок ойлонгула , биздин мамлекет канча пайдадан куру калат ? Бул компания менен болгон келишимге мен башында эле каршы болгом, мамлекеттин кызыкчылыгы бул жерде каралган эмес. Эгерде депутаттар 500 миң доллар айып пулду жокко чыгарса , анда бул жерде коррупциялык схеманын бар экендиги анык болот, - деп эсептейт Орозбек Дүйшеев.
Андан да эл өкүлдөрү бул айып пулду жокко чыгаруу менен “ Альянс Алтындын” кызыкчылыгын ачык эле көздөп жатышат. - Бул иште ГКПЭН туура кылып жатат, мекеменин жетекчилигине басым көрсөтүш керек эмес,- дейт тоокеништетүү жана экологдор Бирикмесинин башчысы. Мен бул инвесторлордон таптакыр эле баш тартууну сунуштамакмын, анткени үч жылдан бери кен токтоп турат. Мындан мамлекетке такыр пайда жок. Жерүй кенин иштетүүгө болгон тендер кандайдыр бир криминалдык белгилер бар: Келишимде Кыргызстандын укугун басынтуучу олутту катачылыктар бар. Өкмөт менен парламент кай жакты карап жүргөн ? Мен бир канча жолу бул келишимди Кыргызстандын пайдасына карап көрүү тууралуу кайрылгамын. Дүйшеев ошол эле учурда “Альянс Алтындын” жетекчиси Михаил Шубинге эч кандай дооматым жок, бирок андан жогору тургандар бул кырдаалдын оңдолушуна кызыкпай жаткандыгы ачык болуп жатат дейт. - Шубин өзү компетенттүү адам, бирок бул компаниянын артында турган киши эч кимдин кызыкчылыгы менен эсептешпейт, - деп кошумчалады ал.
Ошону менен бирге эксперт кыргызстандыктар алтын кенде таң калыштуу нерселер болуп жаткандыгын эчак эле байкашкан жана алар унчукпай отурушпайт.
- Элдер баарын көрүп турат... Алар бул компанияга каршы чыга алышат,- деп бүтүрдү ал. 2015-жылдын 16-февралындагы № 41 өкмөттүн буйругуна ылайык, компания АИФ курулушуна киришиш керек болчу. Уулуу заттар сакталуучу жай келишим болгон датадан 3 айга чейин кечиктирилбей курулушу керек эле. Ошондой эле, курулушту баштоо мөөнөтү бузулган кезде лицензиат 100 миң АКШ долларын төлөөгө милдеттендирилет. Анын 70% республикалык бюджетке, ал эми 30% өнүктүрүү фондуна ( Талас областына) төлөнөт. Эгерде “Альянс Алтын” декабрда курулуш башташы керек болчу болсо азыркы учурга 500 миң доллар болот, б.а. айына 100 миң доллардан.
Бул алтын кенин иштетүүчү ишканага салынчу жалгыз эле айып пул эмес. Административдик кодекске ылайык, компания тарабынан обьектти эксплуатацияга берүү мөөнөтү бузулган учурда лицензиялоо шарттарында каралгандай, айып пулдун суммасы 5 миллиондон 10 миллион сомго чейин болот. Ушуну менен катар алтын иштетүүчү фабриканы эксплуатацияга берүү мөөнөтү 2018-жылдын февраль айынын аягында бүтөт. Компания өнөр жай жана экология коопсуздуктарынын талаптарына сапаты жооп бербеген курулушу менен кантип жаңы мөөнөткө бараарын элестетүү кыйын. Андан да үстү үстүнө коюлган айып пулдардан компания кыйналып, санкциялардан баш тартса лицензиядан айрылып калуу коркунучу турат.
Алтынай Темирова
Фото www