Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев Кумтөрдөн 2016-жылдан бери төлөнбөй келген дивиденддерди алууга ниеттенүүдө

Centerra Gold ишканасынын башчысы менен сүйлөшүү ноябрдын аягында өтмөкчү

Ноябрдын аягында өкмөттүн мүчөлөрү Centerra Gold компаниясынын башчысы менен Кыргызстанга дивиденд төлөп берүү маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Ал макулдашуу 2017-жылы эле түзүлгөнүн, бирок, кабмин төлөнө турган суммалардын көлөмүнө макул болбогонун белгиледи.
- Азыр дивиденддер боюнча маселе ордунда турат, алар 2016-жылдан бери төлөнө элек, - деп тактады Абылгазиев. - Centerra Gold компаниясынын президенти келет. Дивиденддерди жыл сайын төлөтүп туруу маселесин көтөрөбүз. Рекультивациялык фонддо да 40 миллион доллар чогулуп калды, биз алардын бардыгын бир эмес, бөлүп-бөлүп төлөп турушса деп жатабыз. Бул акчалар өкмөттүн кепилдиги менен сакталып, экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

Жылдын аягында Абылгазиев аткарыган иштер туурасында депутаттарга маалымат берүүнү убадалды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх