«Тоо кен ишканалары жок Кыргызстанды банкроттук күтөт»
Тоо кен өнөр жайчылардын ассоциациясынын жетекчиси тоо кен тармагынан түшүнүгү жок адамдар ызуу чуу чыгарып, экономикага зыянын тийгизип жатышканын билдирди
Кыргызстандагы бардык тоо кен компанияларын сотко берүү тууралуу буга чейин бизде айтыша элек өңдүү. Бирок, «Барсбек» демилгечилер тобунун мүчөлөрү, эгерде өкмөт сөз болуп жаткан Сарычат-Эрташ коругунун аймагынын «Кумтор» компаниясына алтын казуу үчүн пайдаланууга берилишине көңүл бөлбөсө, дал ушуну кылууну убадалашты.
«Барсбек демилгечилер тобу бардык тоо кен компанияларына каршы сотко арыз менен кайрылат, - деп билдирди митингдин уюштуруучусу Элери Битекчи. – Тактап айтканда, «Кумтор», «Солтон-Сары», Чаткал жана Тогуз-Тородо иштеп жаткан ишканаларга. Биз буга чейин да арыз бергенбиз, бирок, сот аны карабай койгон».
Бирок, бул элдер эмне тууралуу сөз кылып жатышканын өздөрү билбейт - Тоо кен өнөр жайчылары жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевде бул адамдар мына ушундай таасир калтырган.
- «Кумтөргө» асылууну эчак эле токтотуу керек болчу, - деп ал эсептейт. Кыргызстанды бүгүнкү күндө ушул компания багып келе жатат. Өткөн жылы бюджетке алар 138 млн доллар которгон. 2002-жылы өлкөнүн бюджети 200 млн долларды түзчү! Бул 60 пайызы бюджеттин, дагы эмне керек?
Тоо кен тармагынан кымындай түшүнүгү жок мындай демилгечилер мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнө зыян тийгизишүүдө.
- Мөңгүлөр боюнча түзүлгөн кырдаалга окшош, - деп ал эске алды. Мөңгүлөр - катуу жана суюк эле эмес, газ түрүндөгү дагы суудан түзүлөт. Андыктан, мөңгүлөр түбөлүктүү эмес. Бирок, алар өтө татаал касиеттерге ээ, адамзат каалагандай алып, эритип сала албайт. Өткөн кылымдын 50-60-жылдары жайында көбүрөөк суу болуш үчүн адамдар мөңгүлөрдү эриткенге аракет кылышчу. Болбой койду го. Алар дүйнөлүк жылуулануудан улам өздөрү эрип жатат.
Дүйшеев, тоо кен өнөр жай тармагы ишмердүүлүгүн эч качан токтотпойт деп эсептээрин да белгилеп өттү, кадимки уюлдук телефондун 70 пайыздан ашык бөлүктөрү - тоо кен казуу иштеринен чыккан продуктылардан турат.
- Кендерди казууну чектөө талабын айтып жаткандар - экономиканы түшүнбөгөн чала кайымдар, - деди ал. Кыргызстандагы тоо кен компанияларынын ишин токтотууну каалагандар эртең ачка калышы мүмкүн.
Геология жана табигый ресурстар боюнча мурдагы министр, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков өкмөт өзү коруктун жерлери «Кумтөргө» берилдиби же жокпу деген суроого так жооп бербей, жарандардын мындай талаптарына өзү күнөөлүү деп эсептейт.
- Биз - адистер тийиштүү органдарга картаны алып, элге макулдашуу боюнча казуу иштерине берилген аймак кайда экенин, корук кайда жайгашканын көрсөтүүнү сунуштаганбыз, - -деди ал. Коруктун азыркы чек аралары кайда? Алгач лицензия берилип,андан кийин 2012-жылы жоюлуп калган кошумча жер кайда турат?
Мурдагы министр тоо кен тармагы, чындыгында эле, салык, киреше,социалдык төлөмдөр боюнча дагы Кыргызстандын экономикасынын чоң пайызын түзөөрүн белгиледи. Ал эми, «Кумтөр» өлкөбүздңн экономикасына эле эмес, саясатына да түздөн түз таасири чоң.
- Эч нерсени жабуунун кереги жок, бирок, биздин өкмөт мыйзамдарды жакшыртып, Centerra менен пайдалуу шарттарда кызматташуу боюнча макулдашууларга жетиши керек, - деп ал эсептейт.
Экономика маселелери боюнча эксперт Сергей Пономарев соттук тажрыйбада бири-бири менен байланышпаган ишканаларга бир арыз менен кайрылуу жок экенин тактады. Башкача айтканда, демилгечилердин опузасы алардык юридикалык чабалдыгынан да кабар берет.
- Эми, эгерде бардык тоо кен ишканаларын жаап салса, анда Кыргызстанды дароо банкроттук күтөт, - деди ал. Андыктан, бул теманы талкуулоонун да кереги жок. Албетте, ар бир жарандын өз нааразычылыгын айтууга конституциялык укугу бар, бирок, мындай активдүүлүк популизм жана саясий оюндарга көбүрөөк окшошот. Бирөө бирөөнү колдонуп жатат.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюпов дагы болуп өткөн митингден саясий оюндарды көргөнүн билдирди. Анын ою боюнча, өкмөткө болгон сын 2020-жылдагы парламенттик шайлоолорго даярдыкка байланыштуу.
- Тоо кен өнөр жайы бизде стратегиялык мааниге ээ, андан түшкөн киреше бюджеттин көпчүлүк пайызын түзөт, - деди экономист. - Алардын өкүлдөрүн сотко берүү? Кудай жалгасын, бирок, далил базасы барбы буга? Митингдер менен өлкөгө инвесторлорду тартпайт экенин түшүнүү зарыл.
Бир нече күн мурда Ак үйдүн жанында тоо кен компаниялар Кыргызстандын табиятын булгап жатканына каршы нааразычылык акциясы өттү.
Митингдин уюштуруучусу Элери Битекчи нааразычылык акциясынын негизги себеби - Ысык-Көл облусундагы Сарычат-Эрташ коругунун 16 га аймагынын «Кумтөр» алтын кен компаниясына берилиши экенин маалымдаган.
Буга чейин Vesti.kg «Кыргызалтын» ААКнун төрагасы Алмаз Алимбеков сөз болуп жаткан жер, коруктун аймагына кирбей турганын билдирген.
Бирок, эколог Динара Кутманованын айтымында, Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги бул үчүн атайын коруктун чек араларын алмаштырган, мына ошондуктан, ал жер коруктун аймагына кирбей калган. Мекеме менен Vesti.kg байланыша алган жок.
Ольга Федорчук
Фото www