Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салынды: экологияны сактап калдыкпы же кирешеден кол жуудукпу?

«Инвестор өз кирешесин гана ойлойт, биз болсо аягында калдыктар менен эле отуруп калабыз»

Кыргызстанда уран менен торийди иштетүүгө тыюу салгандан кийин экономикалык катастрофа деле болуп кетпейт, бирок, өлкө муну менен стратегиялык энергетикалык сырьену иштетүү мүмкүндүгүнөн кол жууду. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына техника илимдеринин доктору, профессор Кушбакали Тажибаев бөлүштү.

- Бир килограмм уран 30 тонна көмүрдүн ордуна колдонулат - деди ал. - Мен бул маселени парламентте көтөрүп, жок дегенде 50 жылга тыюу салууну сунуштагам, бирок, мени анда жаман көрүшүп, «Тажибаев үйүнүн жанына АЭС куруп алсын» деп жазышкан.

Профессор уран менен иштөөдө радиоактивдик заттардан уулануу коркунучу ар дайым болоруна кошулат. Бирок, технологиянын өнүгүшү бир орунда турбайт жана бүткүл дүйнө боюнча мыкты мисалдар бар деп эсептейт.

- Дүйнөдө атомдук электростанциялар абдан көп, Кыргызстан үчүн дагы бул абдан перспективдүү багыт болмок - деп белгиледи ал.

Анткени, техника илимдеринин докторунун айтымында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кени жөнүндө айта турган болсок, тыюу салынган күндө деле нурлануудан качып кете албайсың: ал жерде уран жер бетине абдан жакын жайгашкан.

- Анда уранды Кара-Балтада байыта турган болсок, бизге мураска уран калдыктары калат деп айтышкан, - деди Тажибаев. - Бизде урандын калдыктары бар сактагычтар абдан көп. Мен болсо уран камтылган чийки заттарды контейнерлер менен алып кетип, башка жерде байытууну сунуштагам.

Ал эми мурдагы геология жана табигый ресурстар министри, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчибеков президент тарабынан кабыл алынган тыюу эң эле туура болгонун баса белгиледи.

- Бүгүнкү күндө бизде жетиштүү уран камтылган кендерибиз жок - деди ал Vesti.kg сайтына. - Жалгыз уран кени - Кызыл-Омпол. Ал жерде Мамлекеттик комиссиянын запасынын баласында турган болгону 3,5 миң тонна кен байлыктын запасы бар. Божомол боюнча ал жерде 12 миң тоннага чейин болушу мүмкүн.

Анын айтымында башка кендерде калдыктар гана бар: болжол менен 650 тонна Калак көмүр бассейнинде, Майлы-Сууда болсо миң тоннадан ашпайт.
Белгилей кетсек, уранга каршы мыйзамдын кол коюлушуна каршы чыгып жаткан геолог жана тоо инженерлеринен турган  демилгечи топ Кыргызстанда кеминде 308 уран кени бар экенин айтып чыгышкан эле.

- Бирок, Кызыл-Омполдон башка айтылып келген кендердин бирөөнүн гана запасы миң тоннага жакын, ага да жетпейт,- дейт Камчибеков. - Анын үстүнө Таш-Булак аймагы Бишкек-Торугарт жолунда жайгашкан, казууда запастардын бир бөлүгүн калтырууга туура келмек. Же жолду көчүрүш керек болмок. Мындай кадамга барууга болбойт болчу.

Бар деп божомолдонуп жаткан запастар боюнча айта турган болсок, Ысык-Көл облусу менен Фергана өрөөнүндө бир нече жүз миң тонна бар болушу мүмкүндүгү айтылып келет. Бирок, ал запастарды аныктоо үчүн абдан көп акча каражаты керек болот. Ысык-Көл облусунун тегерегиндеги ондогон жерлерди иштетүүнү дагы мурдагы министр элестете албайт.

- Бул, бирок, эң негизгиси дагы эмес - деп сөзүн улантты Камчибеков. - Мейли запастар 200 же 600 миң тонна деле болсун, элестетип көрсөңүздөр бүткүл өлкө боюнча 308 уран чыккан жер иштетиле турганын. Алардын бардыгында биз радиоактивдик үймөктөрдү жаратабыз. Дүйнөлүк коомчулук бизди калдыктарга толгон мамлекет катары эле көрүп калат.

Башкача айтканда,  эгерде бул запастар 2-3 жерде топтолгон болсо иштетүүгө болот эле. Ал эми, кен байлыктар бүткүл өлкө боюнча ар кайсы жерде чачылгандыктан жана алардагы запастар тырмактай эле болгондуктан, экономикалык жактан бул пайдасыз деп эсептейт ал.

 Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө дагы эми жол берилбейт.

Ноябрь айында көз карандысыз геологдор менен тоо инженерлеринин тобу уран кендерин иштетүүгө толук тыюу салуу өлкө үчүн экономикалык жана экологиялык катастрофаны алып келерин айтып чыккан эле.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх