Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөрдөгү «алтын дүрбөлөң». Эреже бузууларга көз жумуу улануудабы?

 Маморгандар фактыларды көз көрүнөө көз жаздымда калтырып жатышат. Такталбаган маалыматтарга ылайык кенде каза тапкандардын жакындары үндөбөө үчүн жарым миллион доллардан алышкан

Кечээ-жакында Кыргызстандын эң ири алтын кенинде кырсык орун алып, эки жумушчу көз жумду. Алар үйүлүп жаткан жараксыз катмардын жылып кеткенинен улам пайда болгон жер көчкүнүн алдында калышкан. Куткаруучулар издөө иштерин бир айдан кийин гана токтотушту, бирок, алардын сөөктөрүн табуу мүмкүн болгон жок.
Vesti.kg сайтына өздүк булактардын билдиргенине караганда каза тапкан жумушчулардын жакындарына жарым миллион доллардан берилген имиш. Ошондуктан, иш, кыязы, ушуну менен токтойт. Себеби түшүнүктүү.

Өздүк булактын айтымында кырсыкка жетекчиликтин «пландын артынан кууганы» себеп болгон. Жумушчулар коопсуздук эрежелерин дээрлик унутуп коюп иштешкен. Жыйынтык - өлүм. Тоодой үйүлгөн жараксыз катмар акыры эки адамды тирүүлөй басып калды.
Кенде 30 күнгө жакын иш токтотулду. Ал эми кызматчылардын айтымында териштирүүдөн соң киреше үчүн жарыш кайрадан башталган. Муну социалдык тармактарда пайда болгон видео дагы ырастайт. Анда МАЗдын айдоочусу ал кесиптештери менен өмүрлөрүн тобокелге салып, караңгыда да иштөөгө аргасыз экенин айткан. Бийик толуу шарттарда анын үстүнө.

Биринчи жолу эмес

Белгилей кетсек, бул кендеги биринчи эле эреже бузуу эмес. 2016-жылы Кумтөр кенинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана экотехникалык нормалар тарабынан бекитилген бир катар одоно бузуулар, анын ичинде мөңгүлөргө жараксыз катмарларды төгүү, калдык сактагычтарда такталбаган калдыктарды сактоо, суу ресуртарын тийиштүү төлөмдөрсүз колдонуу, жер ресурстарына зыян келтирүү ж.б. аныкталган».
Анда келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 7 млрд сомду түзгөн. Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция инвесторго каршы 4 доо арыз менен сотко кайрылган. Көйгөй ынтымак жолу менен чечилгени айтпаса да түшүнүктүү...

Эреже бузуулар ишкананын кызматкерлеринин саламаттыгына да залакасын тийгизүүдө.
Эки жыл мурда кендин мурдагы үч жумушчусу компанияны сотко берген. Алар өндүрүштө иштеп бузган ден-соолуктары үчүн кенемте алабыз деп жылдар бою соттошуп келатышат.
-Бизде беш жылдай компания менен соттошуп, кенемте алганына бир жума болгондон кийин каза болуп калышкан кесиептештерибиз болгон, - дешет алар. - Компанияда жабырлангандарга эч нерсе төлөбөш үчүн атайын арыздарды кароону создуктура беришет.

Алар ошондой эле кенде транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча эреже бузуулар да катталып келгенин айтып беришти.
- Бул унаалар менен тоо тектери ташылганын тастыктап берчү күбөлөр бар, - деди кызматкерлердин бир. - Тоннаж ашырылып кетсе, дөңгөлөктөр жарылып кетиши мүмкүн. Бул жумушчулардын өмүрүнө коркунуч алып келет. Компания болсо канча жылдан бери ушинтип иштеп келген.

«Кумтөрдө» бул боюнча кадимки адаттарына салып,  «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген норма жана эрежелерди катуу сакташарын жана техникалык жактан эреже бузуулар жок экенин» кайталап коюшту.

Калдыктар эле эмес..

Баса, кенде колдонулган жүк техникаларына экологиялык мыйзамдардын эрежелерине ылайык келет деп айтууга ооз барбаган дизелдик күйүүчү май куюшат.
Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жыл эле үчүн «Кумтөр» өлкөнүн аймагына өздөрүнө гана колдонууга 98 миң тонна нефти продуктуларын алып кирген. Күйүүчү майдын бардык көлөмү К-2 классынан ылдый. Ал мешке жагууга багытталган, кайра иштетүү үчүн зат болуп эсептелет жана ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында унааларга күйүүчү май катары колдонууга арналган эмес. Жылдан жылга Кумтөрдүн сатып алган сапаттуу күйүүчү майларынын көлөмү азайып, ал эми «шлакталгандардыкы» көбөйгөндөн көбөйө берген.
Мына ушундай эреже бузууларды, кендеги техника коопсуздугунун бузулушу менен катар көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдар жашырып келет. Ал эми КРнын Экономика министлигинин эскертүүлөрүн компания кагаз жүзүндө калтырып, көз жаздымда калтырып келет.

2019-жылдын 30-октябрында Экономика министрлиги кат жолдоп, анда 2019-жылдын 12-августунан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдерине ылайык республиканын аймагына К-4 классынан ылдый күйүүчү майды киргизип, колдонууга тыюу салуу боюнча Бажы биримдигинин Техникалык регламенти күчкө киргенин эскерткен».

Бирок, редакциянын булагы атайын техниканын жигердүү иштеп жаткан маалында алардын жанында респираторлорсуз туруу дээрлик мүмкүн эмес экенин ачык айтат.

- Абага өтө күчтүү калдыктар чыгып жатат, - деп кейиди ал. - Өлкөнүн жарандарына камкордук көрсөтүү, экологиябызды жана кайталангыс табиятыбызды сактоону жар салып аткан өкмөтүбүз үчүн зээниң да кейип кетет.

Кыргызстандын бюджети «башкы инвестордун» салыктарынан көз каранды экени түшүнүктүү. Бирок, бул, аны мамлекетибиздин мыйзамдары менен анын жарандарынын кызыкчылыктарынан өйдө койбошу керек. Профилдик министрликтер менен мекемелер буларга көңүл бурушу керектир? «Кумтор Голд Компани» ЖАКнун жетекчилиги менен анын уюмдаштыруучулары да компанияда болуп жаткандын барынан кабардар болду бекен деген да суроо туулат.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх