Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгына тийиштүү билими жок адам келген жатабы?

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплексине ал жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинен келген

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын учурдагы бош турган орун басарлык кызматына Акыл Токтобаев аттуу адам каралып жатканы айтылууда. Өлкөнүн стратегиялык маанидеги тармагына мындай кадрлардын кереги барбы?

Карыбек Ибраев өткөн дүйшөмбү күнү, 1-июнда бул кызматтан кеткен.

Анын ордун эми өнөр жай жана энергетика тармагында жалпы иш тажрыйбасы болгону Жогорку Кеңештин отун-энергетикалы комплексинде иштеген 4 жыл менен чектелген адам келиши мүмкүн. Тийиштүү да билими жок, анын үстүнө.

Ал өзү ким?

Акыл Токтобаев, 33 жаш. Кыргыз-Орус Славян университетин “дүйнөлүк экономика” адистиги боюнча аяктап, кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын магистратурасында “юриспруденция” адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун «Газпром нефть Азия» ЖЧКсында стажер жана маркетинг бөлүмүнүн жетекчисинин ассистентика катары баштап, кийин SkylineAsia туристикалык агенттигинде консультант болуп эмгектенген.

2008-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын мартына чейин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу бөлүмүндө, андан кийин дагы жарым жыл КРнын ЖКнин жетекчисинин кабыл алмасында такшалуудан өткөн.

2010-жылдын октябрь айында жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде кеңешчи болуп иштей баштайт, ал эми бир жылдан соң ошол эле комитетте эксперт катары 2016-жылдын февраль айына чейин эмгектенген. Андан кийин Акыл Токтобаев отун-энергетикалык комплекске өтүп, ушул күнгө чейин ошол жерде бөлүмдүн эксперти кызматына эмгектенет.

Жер казынасын пайдалууда жетиштүү тажрыйба бекен? Күмөн санарлык. Кыргызстандын экономикасынын эң бир маанилүү тармактарынын бирин өнүктүрүп, жаңы деңгээлге чыгарчу кадрлар ушулбу?

Жер казынасын пайдалануу биздин өлкөнүн бюджетин түзүүчү багыттардын бири экенин эске салуу керек. Ушундай маанилүү кызматтарга болочок кызматы менен жарытарлык таанышып көрбөгөн “кадрлар” бизде канчага чейин дайындалат?

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх