Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөрдүн юристи Женевадагы сүйлөшүүлөр боюнча: Биз ал жерге ак желек менен барган жокпуз

Дмитрий Долматов сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат толугу менен жашыруун экенин айтты

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын «Кумтөр Голд Компанинин» юридикалык кеңешчиси Дмитрий Долматов билдирди.

Ошол эле учурда ал сүйлөшүүлөрдүн өзү тууралуу маалымат коомчулукка жарыялоого жатпай турганын белгиледи.

- Сүйлөшүүлөр боюнча бардык маалыматтар толугу менен жашыруун, - деп баса белгиледи Долматов. - Бул чечим тараптардын биринин кызыкчылыгына каршы маалыматтарды колдонууга жол бербөө максатында кабыл алынган. Бирок Кыргызстандан барган делегация өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн гана иш алып барды деп так айта алам. Биз ал жерге ак желек менен барган жокпуз. Бизде так позиция бар.

Делегациянын курамына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы эмне себептен киргизилгени тууралуу суроого жактоочу топтун курамын президент Садыр Жапаров аныктаган деп жооп берди.

«Кошумчалай кетейин, делегациянын курамында 5 юрист да бар», - деди ал. - Алардын үчөө эл аралык соттордо жана арбитраждарда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт, бизден эки юрист – мен жана Аяз Баятов.

Долматов ошондой эле сүйлөшүүлөр улантылышы мүмкүн экенин, бирок так датасы белгилене электигин кошумчалады.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх