Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр жана подряддык уюмдардын кызматкерлери 10 миллион киши-саат жумуш убактысын жоготпостон иштешти

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кызматкерлери жана КГКнын подряддык уюмдарынын кызматкерлери 10 миллион киши-саат жумуш убактысын жоготпостон иштешти.

Жумуш убактысын жоготуусуз 10 миллион киши-саатка жетишүү – бул маанилүү көрсөткүч жана күндөлүк ишти аткарууда коопсуздуктун техникасынын милдеттүү сактоого, жумуш шарттарынын деңгээлин жогорулатууга жана коопсуз иш ыкмаларын жакшыртууга болгон олуттуу мамилени чагылдырат.

КГКнын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Компаниянын кызматкерлерин жана “Кумтөрдүн” подряддык уюмдарын бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктады, жана жумуштарды туруктуу, натыйжалуу жана коопсуз аткаруусун уланта берүүгө чакырды.

«Биз баарыбыз бир командабыз! Биздин жетекчилер менен кызматкерлердин күнүмдүк кошкон салымы жана талыкпас мээнети болбосо мындай натыйжага жетишүү мүмкүн эмес болмок. Бул, күн сайын бардык жумуш площадкаларында коопсуздук негизги приоритет болсун деп жасаган жалпы аракетибизди чагылдырат. Сиздерге күнүмдүк эмгегиңиз, кесипкөйлүгүңүз жана биздин коопсуздук программага кошкон салымыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Ушундай жыйынтыктарга жетишүү аркылуу, биз өндүрүштө кырсыксыз иштесе болот экенин далилдейбиз. Компаниянын жана подряддык уюмдардын бардык кызматкерлерин биргеликте сапаттуу иш аткарууну улантууга чакырам! Подряддык уюмдардын кызматкерлери, “Кумтөр Голд Компанинин” кызматкерлери менен биргеликте, жумуш убактысын жоготуусуз иштей алышат жана аны улантаарына ишенем. Биз бирдикте гана зор ийгиликтерди багынта алабыз!”- деп баса белгиледи Тенгиз Бөлтүрүк.

Учурда компаниянын 2 916 кызматкери жана ар кандай подряддык уюмдардын 1 259 жумушчусу КГКнын объекттеринде эмгектенишет. Алардын бардыгы “Кумтөр” кен ишканасында, Балыкчы өткөөл базасында өндүрүштүк мүнөздөгү ар түрдүү тапшырмаларды аткарышат, жүктөрдү жеткиширет, адамдарды ташышат жана башка жумуштарды аткарышат.

КГКга тышкы башкаруу киргизилгенден бери, кен ишканасында жумуштардын коопсуздугун жогорулатууга арналган бир катар иш-чаралар иштелип чыккан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх