Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр кениндеги алтын бөлүп алуу фабрикасын модернизациялоо

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта (КГК) тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Кумтөр кенинде комбинаттын ар кандай участокторун модернизациялоо боюнча долбоорлор иштелип чыккан жана ишке киргизилген.

Кумтөр кениндеги алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика (ГЭФ) 1996-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери компания жабдууларды колдоо жана пландуу оңдоо менен гана алектенип келет, бирок технологиялар бир орунда турбайт.



Объекттин абалы менен таанышып, КГКнын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн командасы масштабдуу модернизациялоо долбоорун иштеп чыгып, ишке киргизди. Алтын өндүрүү фабрикасы күткөн өзгөрүүлөрдү эксперттер мини-технологиялык революция деп аташат. Биринчи кезекте эскилиги жеткен флотациялык машиналар алмаштырылат. Жаңы аппараттар толугу менен автономдуу болот. Натыйжада кенден алтынды алуу пайызы бир топ жогорулайт. Натыйжалуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишүү менен бирге, модернизациялоонун максаты айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу болуп саналат.

«Өткөн айда 80ге жакын сыноолор жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, жаңы флотациялоочу машиналарды колдонуу менен флотация бөлүмүндө 96%га жакын кайтарым алууга болот», - деп түшүндүрөт КГКнын технологиялар боюнча корпоративдик директору Канат Курманов.


Ошондой эле, жакын арада фабрикада технологиялык процессти көзөмөлдөө үчүн кызматкерлерден тышкары, жасалма интеллект пайда болот.

Акыркы программалык камсыздоо оператордун иш-аракеттерин сунуштайт жана зарыл болсо, оңдойт. Тарыхый маалыматтарды изилдөөнүн негизинде, программа комбинаттын эң жакшы көрсөткүчтөрүн аныктайт, андан кийин бул маалымат өндүрүш циклинин ар бир этабында алтынды бөлүп алууну жогорулатуу максатында тез арада жакшыртууларды ишке ашыруу үчүн колдонулат.

Заводдо техникалык жактан кайра жабдылуу иши башталды. Жылдын акырына чейин кошумча суюлтуучу цистерналарды пайдаланууга беруу убада кылынды. Биздин өлкө учун уникалдуу болгон дагы бир жабдууну орнотуу процесси акыркы этапка — вертикалдуу тегирменге өтүп жатат.

Алар биргелешип компанияга азыраак кубаттуулуктарды пайдалануу менен алтын өндүрүү пландарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Компания ошондой эле өз кызматкерлерин өнүктүрүүгө каражат жумшайт. Алтын өндүрүү фабрикасынын адистеринин бир нече топтору буга чейин Казакстанда квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп келишкен, алар жакында Москвага кетишет.

Белгилей кетсек, бүгүн кендин башка өндүрүш ишканаларында, ошондой эле Балыкчы жана Бишкек шаарларында иштетүү процесстери башталды. Мына ушул зор иштердин бардыгы ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх