Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз районунун билим берүү уюмдарын бактерициддик лампалар менен камсыз кылды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 41 мектеп жана 19 бала бакчага имараттын абасын тазалоочу бактерициддик лампалар менен камсыз кылуу аркылуу жардам көрсөттү.

Коронавирустук пандемия учурунда, ошондой эле сасык тумоо сезонунда билим берүү мекемелери балдарды коопсуз окуу режими менен камсыз кылуу зарылчылыгына туш болушат. Маскалардан жана антисептиктерден тышкары, вирустарды инактивациялоо жана бактерияларды жана көктү жок кылуу үчүн атайын микробго каршы лампалар талап кылынган. Мындай аппараттарды облустун билим берүү мекемелери өз алдынча сатып ала албай, Жети-Өгүз районунун жетекчилиги жардам сурап Кумтөр ишканасына кайрылышкан.



КГК арызды канааттандырып, 60 микробдорду жок кылуучу лампа сатып алды. Алар бул кайрымдуулук жардам аймактагы коронавирус, сасык тумоо менен күрөшүүгө чоң салым кошот деп ишенишет.

Жабдууларды класстан класска жылдырууга болот. Бул үчүн мектептерде абаны дезинфекциялоо боюнча графиктер түзүлдү. Берилген микробдорду жок кылуучу лампалардын дагы бир артыкчылыгы бар: алар адамдар отурган бөлмөдө иштей алат.




«Мен Кумтөрдүн жетекчилигине жана жеке Тенгиз Аяпбергенович Бөлтүрүккө пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сиз биздин өтүнүчүбүзгө дароо жооп бердиңиз. Бул аппараттар мектеп окуучуларынын оорусун азайтат», - дейт Жети-Өгүз районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Венера Бейшебаева.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх