Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр быйыл июль айында болгон селден жабыркаган Тоң районунун тургундарына жардам берди

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта (КГК) тышкы башкарууну киргизүү менен компания эң муктаж болгондорго системалуу түрдө кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылында “Жылуулук белек” - ушундай аталыштагы акция өттү. 30-июлда бул конушту катуу сел каптап, ушул күнгө чейин көптөгөн үй-бүлөлөр жаңы үйлөрдүн курулушунун бүтүшүн күтүп, убактылуу алачыктарда, контейнерлерде жашап келишет.
Жаратылыш кырсыгы белгилүү болоору менен Кумтөр биринчилерден болуп жардам көрсөткөн. КГКнын тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктүн буйругу менен кырсыктан жапа чеккен Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна оор техникалар жана жумушчулар жөнөтүлүп, суу каптаган конуштардын көчөлөрүн тазалоого жардам беришти. Мындан тышкары, КГК тарабынан техникалар үчүн 11 миң литр дизель майы бөлүнгөн.


Аба ырайынын суук түшүшү менен жаңы үйлөргө көчүүгө үлгүрбөй калгандарды Кумтөр отун менен камсыз кылды. Ошондой эле компания жабыркаган тургундарга 100 даана тамак-аш комплектисин жана жылуу жууркандарды сатып алып, тапшырды.

Аларга керектүү азыктардан тышкары, өзгөчө балдар үчүн чоң баштык таттуулар кошулду. Жардамга муктаж болгондордун бардыгына акыр аягында жардам алуу үчүн Кумтөр эли бул ишти жергиликтүү бийлик менен координациялоодо.


«Оттук айылында табигый кырсыктын кесепетинен 320 үйдү суу каптаган. Алардын ичинен кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери 64 үйдү авариялык деп табышты. Бул үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүүдө. Эл Кумтөр ишканасына абдан ыраазы. Сиздерге чоң рахмат”,-деди Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Медербек Бейшеев.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх