Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2021-жылдын 11 айында Кумтөр кенинде кен казуу иштеринин көлөмү 185,6 млн тоннаны түздү

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алгачкы алдын ала жыйынтыгын чыгара баштады. 2021-жылдын 11 айында Кумтөр кенинде кен казуу иштеринин көлөмү 185,6 миллион тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

КГКнын Убактылуу Тышкы администрациясынын мезгилинде муз массаларынын өнүгүүсү 2020-жылга салыштырмалуу 60% га кыскарган. Төмөндө 2012-2021-жылдар аралыгында Кумтөр кенинде муз казып алуунун көлөмүнүн графиги келтирилген.

Кендеги бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт. Таштандыларды чыгаруу жагынан тоо-кен иштеринин коопсуздугун жогорулатуу максатында өрөөндөрдө жайгашкан таштанды төгүүчү жайларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү үчүн кошумча эки радарларды сатып алуу чечими кабыл алынды: Борбордук жана Кичи-Сарытөр.

Дүйнөлүк практикага ылайык өндүрүштүк-финансылык ишмердиктин жыйынтыктары жөнүндө толук жана жаңыланган маалымат 2022-жылдын башында пресс-релизде жарыяланат.

КГКнын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча мындай деп билдирди: «Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Центерра» тарабынан коюлган тоскоолдуктарга карабастан, КГКнын эмгек жамааты коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени туруктуу, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толугу менен төлөнүүдө”.

KGK
КГКнын сүрөттөрү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх