Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр Нарын облусундагы жакыр үй-бүлөлөрдү жана жалгыз бой кары-картаңдарды көмүр менен камсыздады

Тышкы башкарууну киргизүү менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК бүткүл өлкө боюнча социалдык долбоорлорду колдойт. Бул жолу Компания 650 тоннадан ашык көмүрдү демөөрчүлүк катары бөлүштүрүү аркылуу Кыргызстандын эң суук аймагы – Нарын облусундагы жакыр үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой кары-картаңдарга суукта жардам берүүнү чечти. Кумтөрдүн мындай кайрымдуулук акциясы бул жерде биринчи жолу өтүп жатат. Беш район тең камтылган, булар 114 айыл. Тандалган көмүр Кара-Кече кенинен алынган. Нарын облусунун райондук администрациялары көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жалгыз бой пенсионерлердин тизмелерин беришти.



Биринчилерден болуп Нарын шаарынын тургуну Жаңыл Кыдырмаева жардам алган:


«Мага Социалдык фонддон телефон чалып, көмүр алуу үчүн тизмеге кирип калганымды айтышты. Анан Кумтөрдөн белек экенин билдим.Кара отунду жатып эсептеп чыктым: унөмдөлгөн каражат бир нече миң сомду түздү. Бул биздин үй-бүлөбүз үчүн чоң жардам. Биздин кыш 6 айга созулат. Тенгиз Бөлтүрүк өкүлү болгон Кумтөрдүн жаңы жетекчилигине эл үчүн кам көргөнү үчүн чоң рахмат!”

Кумтөр Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп, эң муктаж болгондорго системалуу түрдө кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет. Биз жардамды облустун эң алыскы айылдарына да жеткирүүгө басым жасадык, ал жактагы муктаж үй-бүлөлөр бир тоннадан көмүр алышты», - дейт КГКнын туруктуу өнүктүрүү башкармалыгынын Нарын облусу боюнча өкүлү Илим Садыков.

КГК
КГКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх