Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын мамлекеттик университети «Кумтөр» компаниясы тарабынан компьютердик класс менен жабдылды

Тышкы башкарууну ишке киргизгенден кийин «Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кыргызстандын бардык аймактарын өнүктүрүү долбоорлоруна ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Ошентип, январь айында компания Нарын облусунун бардык беш районун камтып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой кары-картаңдарга 650 тоннадан ашык көмүр таратылды.


«Кумтөр» билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу аркылуу Нарын облусун өнүктүрүүгө жардам берүүнү улантууда. Нарын мамлекеттик университетинде «Кумтөрдүн» эсебинен компьютердик класс жабдылып, окуу жайдын китепканасы керектүү техникалык жана окуу адабияттарын алды. Бардык компьютерлерде лицензияланган Windows операциялык системалары жана керектүү программалар орнотулган. Мындан тышкары, Компания университетке интерактивдүү доскаларды, принтерлерди, жада калса болочок экологдор колдоно турган кемпингдик жабдууларды белекке берди.

Нарын мамлекеттик университетинин ректору С.Нааматова Эрмек Байбагышов:

- “Кумтөр Голд Компанинин” жаңы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк Кыргызстандын бүтүндөй билим берүү жана илим тармагына чоң жардам көрсөтүүдө. Аны менен байланышып, колдоо алдык.



Нарын мамлекеттик университети (НМУ) 1996-жылы негизделген. Анда «Агрардык технологиялар», «Педагогика», «Филология», «Экономика» сыяктуу багыттар боюнча адистер даярдалат. Университетте үч колледж бар, алардын бүтүрүүчүлөрү университеттин студенттери катары тандап алган адистиги боюнча билимин уланта алышат. Эми окуучулар кесиптин негиздерин «Кумтөр» компаниясы белек кылган жаңы компьютерлерде үйрөнүшөт.

Университетте инклюзивдик билим берүү программасы бар. Бул Кумтөрдүн калкты социалдык колдоону күчөтүүгө багытталган долбоорлорго катышууну жогорулатуу боюнча дагы бир багыты менен шайкеш келет.

-Нарын шаарында кафе же ресторандардын өздөрүнүн сайттары жок, алар менен телефон аркылуу байланышуу көп учурда мүмкүн эмес, үйдөн тамак-ашка заказ берүү абдан кыйын. Ошондуктан, мен үйдө тамак-аш заказ кыла турган онлайн тиркеме иштеп чыгууну пландаштырып жатам. Бул жарандарга, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да абдан ыңгайлуу болот, - дейт НМУнун колледжинин студенти Медер Усупбеков.

Билим берүү системасын колдоо «Кумтөр Голд Компанинин» социалдык жоопкерчилигинин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Анда стажировка программалары, стипендиялар, жаштардын кесиптик даярдыгын өнүктүрүү, заманбап санариптик технологиялар менен билим берүү борборлорун түзүү кирет. Кумтөрдүн мамлекеттик маанисин эске алуу менен бул иш акырындык менен өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.

КГКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх