Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист Дмитрий Долматов: Кыргызстан үчүн «Центерра Голд» менен келишим түзүү эң пайдалуу жана туура чечим (видео)

Дүйшөмбү күнү, 2022-жылдын 4-апрелинде президент Садыр Жапаров министрлер кабинети менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлганын билдирди. Бул документке ылайык, Кыргызстандын министрлер кабинети Кумтөр кенин толук башкаруу жана ээлик кылуу укугун алган.

«Кумтөр Голд Компанинин» юрист-консультанты Дмитрий Долматов азыркы экономикалык кырдаалда кол коюлган документ канчалык маанилүү экендиги тууралуу позициясы менен бөлүштү. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, канадалык компания менен бардык сүйлөшүүлөргө катышкан. Интервью “Бешинчи каналдан” көрсөтүлдү.

 

Дмитрий Долматов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын юридикалык консультанты:

«Эгерде Нью-Йоркто жана Стокгольмдо бул процесстерди улантуу боюнча саясий чечим кабыл алынса, ал беш-жети жылга созулуп, мамлекетке болжол менен жүз миллион доллар чыгым болмок, бул биринчи кезекте эл аралык юридикалык фирмалардын кызматы. Ошондуктан бул иште мунаса табуу Кыргызстан үчүн абдан оптималдуу жагдай деп эсептейм. Бул келишимде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары эске алынган. Биз биргелешип абдан жакшы иш кылдык жана чыр-чатакты чечүүнүн эң оптималдуу жолун таптык деп ишенем”.

КГК
фото, видео КГК

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх