Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Расул Умбеталиев: Эч качан Бишкек ТЭЦинде майнинг-фермасын ачпагыла!

Эксперттин айтымында, бул Кыргызстандын экономикасын эмес, тиешелүү адамдардын жеке капчыгын гана толтурат

Энергетика тармагындагы көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев Vesti.kg сайтына курган маегинде Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Бишкек ТЭЦинин базасында  майнинг ферма ачуу чечимин туура эмес деп атады. Анын пикиринде, бул Кыргызстандын экономикасын эмес, тиешелүү адамдардын каржылык абалын толуктоого гана алып келет.

«Кыргызстан терең энергетикалык кризисте», - деп белгиледи Умбеталиев. – Ошондуктан, Бишкек ТЭЦинде майнинг ферма ачуу кандай болгон күндө да мүмкүн эмес деп эсептейм. Бул өтө энергияны көп талап кылган ишкана, ал үчүн ашыкча электр энергиясы жок.

Эксперттин пикиринде, мүмкүн болсо энергетикалык компаниялар виртуалдык валюталарды түзгөндөн көрө реалдуу экономиканын секторун, жеңил өнөр жай продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча чакан жана орто ишканаларды колдогону жакшы.

« Майнинг ферма ачуу чечими бул ишке катышкандардын жеке капчыгын толтурууга багытталган жана Кыргызстандын да, өзгөчө Бишкектин да экономикасын эч качан өнүктүрбөйт», - деп ишенет Расул Акматович.

Тактап айтканда, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев ведомство Бишкек ТЭЦинин базасында майнинг ферма ачууну пландап жатканын билдирген. Мындан тышкары, анын айтымында, «кызматтык колдонуу үчүн» форматындагы тиешелүү документ даяр. Чиновник кошумчалагандай, учурда  майнинг ферма иштебейт.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх