Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо 9-июнда болот

Мэрия билим берүү уюмдарында акча чогултууга тыюу салынганын эскертет

9-июнда саат 09.00дө борбор калаанын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу жыйын болот.

Быйылкы окуу жылында мектепти 9-классты 14257, 11-классты 8233 окуучу аяктап жатат.

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында акча чогултууга тыюу салынганын мэрия эскертет.

Мыйзамсыз акчалай жана башка каражаттарды өндүрүү фактылары аныкталган учурда класс жетекчилер жана башка мектеп кызматкерлери тарабынан тартиптик чаралар көрүлөт.

«Урматтуу жарандар! Эгерде сизден же сиздин жакындарыңыздан каржылык каражат талап кылынса, анда 0 (312) 61-39-72, 0 (504) 11-01-21 номурларына кайрылыңыз», - деп айтылат муниципалитеттин билдирүүсүндө.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх