Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сүлүктү ШИИБнын каржы бөлүмүнүн башчысы үч жылдан бери мыйзамсыз түрдө 2 миллион сом айлык алган

Мындан тышкары,  жарандык милиция кызматкерлерине 520 миң 393 сомдук үстөк акы мыйзамсыз төлөнүп берилген

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө 2019-2021-жылдар аралыгында Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгынын финансы бөлүмүнүн башчысы М.Р. өзүнө 2 миллион 482 миң 586 сом жана башка жактарга 138 077 сом өлчөмүндө мыйзамсыз чегерилген жогорулатылган эмгек акысын өндүргөн.

Мындан тышкары ШИИБнын  жарандык кызматкерлерине 520 миң 393 сом өлчөмүндө мыйзамсыз үстөк акы төлөнүп берилген.

Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 млн 141 миң сомду түздү.

Бул фактылар боюнча Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх