Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик спортчулар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында армрестлинг боюнча ХХ Азия Чемпионатында жеңүүчү болушту

Чемпионатка 12 өлкөдөн 850 спортчу катышты

Теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спортчулары майыптар арасында армрестлинг боюнча ХХ Азия  Чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

Чемпионатка 12 өлкөдөн 850дөн ашык спортчу жана Бишкектен  4 спортчу катышты.


Сынактын жыйынтыгы боюнча:

Камчыбек уулу Эрлан (60 кг чейинки салмак  жана угуусу начарлар категориясы) – сол кол менен   2-орун, оң кол менен  3-орун;

Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейинки салмак  жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) – сол кол менен  3-орун;
Токтосун уулу Бекболсун (абсолюттук салмак  жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) -сол жана оң кол менен 3 – орун;

Белгилей кетсек мелдеш  Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өттү.

Ал эми спортчулардын  машыктыруучусу - Алчинов Олег Евгеньевич.

Бишкек мэриясы

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх