Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Никита Михалков менен жолугушууда Евразиялык “Бриллиант көпөлөк” киносыйлыгын түзүү идеясын колдоду

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы россиялык режиссерго Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдө өткөрүүгө даяр экенин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Михалков Жапаровго «Бриллиант көпөлөк” » Евразия киносыйлыгын түзүү идеясы тууралуу айтып берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул идеяны колдоого даяр экенин билдирип, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх