Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лондондогу Евразия кинофестивалында Кыргызстандын тасмасы эң мыкты даректүү тасма деп табылды

Ал эми “Жаңыртуу” тасмасы көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду

19-майдан 25-майга чейин Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү кинофестиваль өттү. Бул фестиваль евразиялык кинематографияны англис тилдүү мейкиндикте өнүктүрүүгө арналган.
 
Кинофестивалдын тасмаларынын арасында Кыргызстандан төмөнкүдөй чыгармалар тартууланды:
 
- “Саякбай and the Beatles”
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/100321-film-iz-kyrgyzstana-priznan-luchshej-dokumentalnoj-kartinoj-londonskogo-kinofestivalya-eurasian-film-festival.html - Фильм из Кыргызстана признан лучшей документальной картиной Лондонского кинофестиваля «Eurasian Film Festival» - VESTI.KG - Новости Кыргызстана
даректүү тасмасы - Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти жана маданият ишмери Тынай Ибрагимов;
- "Жаңыртуу" даректүү тасмасы (ЖАНЫРТУУ) - режиссер Виктория Архангельская;
- дебюттук кыска метраждуу тасма “Steps”- БААУнун бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимова.
 
25-майда Евразия кинофестивалынын президенти, Евразиялык чыгармачылык гильдиясынын (Лондон) төрагасынын орун басары Марат Ахмеджановдун чакыруусу менен Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Джусупов сыйлык тапшыруу аземине катышты. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнүн жана байгелеринин ысымдары жарыяланды.
 
Кыргызстандын "Саякбай and the Beatles" тасмасы кинофестивалдын “Мыкты даректүү тасма” номинациясында жеңүүчү деп табылды.
 
Кошумчалай кетсек, көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча «Көрүүчүнүн тандоосу» номинациясын «Жаңыртуу» тасмасы алды.
 
Фестивалда даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле анимациялык тасма категориялары боюнча 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү.
 
Евразия кинофестивалынын тасмаларынын арасында Улуу Британия, Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, АКШ, Израил, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин эмгектери тартууланды.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх