Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Арча коругунда күмүш булактын жанында таштандылар пайда болду (фото)

Аймакты ирээтке келтирүү жана медициналык таштандыларды чыгаруу Байтик айыл өкмөтүнө милдеттендирилди

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен "Ала-Арча" улуттук коругунун тосмосунун алдындагы уруксатсыз таштанды төгүлгөнү тууралуу маалымат

Кечээ, 28-майда Фейсбуктун колдонуучусу Manshuk Esdaulet Ала-Арча улуттук коругунун тосмосунун алдындагы күмүш булактын жанына уруксатсыз таштанды төгүлүп жатканы тууралуу кайрылуу жазган.

Буга байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Ала-Арча коругуна жөнөп кетишти. Тосмонун алдындагы күмүш булактын жанында медициналык калдыктардын таштандылары  пайда болгон.


Министрликтин өкүлдөрү Байтик айыл өкмөтүнө аймакты тазалоо жана медициналык таштандыларды чыгаруу боюнча чараларды көрүү боюнча жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине мыйзам актылары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Байтик айыл өкмөтүнүн администрациясы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайдын аймагын толугу менен тазалады. Аймактын медициналык жана башка материалдардын агындылары менен булганышын алдын алуу боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө.

КРнын ЖРЭТКМнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх