Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Кумтөрдө солярка майын уурдоо фактысынын бетин ачты (фото)

«Кумтөр Голд Компанинин» айрым кызматкерлери алтын казуучу комбинаттан күйүүчү-майлоочу майларды уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жиберишкен

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун алтын өндүрүүчү фабрикасынан уурулуктун бетин ачышты.

Ошентип, 29-май күнү саат 02:30дар чамасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Сырт аймагында жайгашкан Сары-Мойнок участкасында күзөткө чыгышкан. Милиция кызматкерлеринин көңүлүн бул участокто «Ауди С4» унаасы бурган. Унаа токтотулду. Текшерүү учурунда багажга жана кабинага канистрлерге төгүлгөн 300 литр дизель майы табылган.

Буга чейин милицияга «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун айрым кызматкерлери заводдон күйүүчү-майлоочу майларды уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүнө байланыштуу, текшерүү жүргүзүү чечими кабыл алынган. Унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсүн сурамжылоодо Барскоон айылынын тургундары 23 жаштагы У.Ч. жана 32 жаштагы Ш.С., дизель майын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта иштеген атайын жолду түздөөчү техниканын слесарынан сатып алышканын билдиришкен.

Милиция кызматкерлери кошумча текшерүү учурунда дизель майын саткан адамды аныкташкан. Ал «Тарылга сервис» жеке мекемесинин кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы А.Н. Бул уюм «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому менен келишимдик негизде иштейт экен. Алгачкы суракта шектүү ишканадан уурдалган дизель майын сатуу боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Бул факты Жети-Өгүз РИИБнин КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх