Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери каза болгон кесиптештеринин балдарын куттукташты (фото)

Балдарды коргоо күнүндө укук коргоо кызматкерлери балдарга кызмат учурунда өмүрүн берген аталарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн эстелик белектерди тапшырышты

Бүгүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Облустук милициянын жетекчилиги милиция кызматкерлеринин балдарына белектерди тапшырды. Кадимкидей эле мыйзамдын салтанаты үчүн жанын берген милиция кызматкерлеринин балдарына өзгөчө көңүл бурулду. Тагдырдын буйругу менен атасыз калган бул жигиттерди облустук милициянын өздүк курамы эч качан унутпайт.



Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арсен Самаев балдарды майрамы менен куттуктап, бул балдар үчүн эң кубанычтуу майрамдардын бири гана эмес, ошондой эле чоңдорго балдар өздөрүнүн көңүлүнө муктаж экенин эскертип жатканын белгиледи.


«Бул күн балдардын шаңдуу майрамы гана болбостон, гумандуу, адилеттүү жана бакубат коомду калыптандыруунун зарыл шарты катары баланын укуктарын сактоо жана урматтоо зарылдыгын коомго эскертет. Облустун ички иштер башкармалыгы бул жөнөкөй, бирок маанилүү чындыкты эч качан унутпайт», - деди ал.



Балдарды куттуктоодон кийин Каракол шаарынын аттракциондорунун биринде майрам уюштурулду. Ынтымактуу чай үстүндө балдардын келечектеги пландары тууралуу сүйлөштүк. Майрамдын соңунда милиция кызматкерлери балдарга кызмат учурунда жанын берген аталарынын элеси түшүрүлгөн эстелик белектерди тапшырышты.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Ысык-Көл облусунун ИИБнын фотосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх