Кыргызстанда зыяратчыларды эмдөө иштери жүрүп жатат
2022-жылга ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн
Кыргызстанда 2022-жылы Меккеге ажылыкка баруучу зыяратчыларды эмдөө иштери 26-майда башталган.
Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынан маалымдалгандай, ажылык сапарга катышуу үчүн 2766 квота бөлүнгөн.
Ажылык зыяратчылар үчүн негизги виза талаптары:
- ажылыкка баруу жашы - 65 жашка чейин;
- COVID-19га каршы эмдөө;
- киргенге чейин 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс тест.
Исламда COVID-19га каршы эмдөөгө уруксат берилгени такталган.
Сауд Арабия Королдугу тарабынан коюлган шарттарга ылайык, зыяратчылар эмдөөдөн өткөнү тууралуу күбөлүк көрсөтүшү керек.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз