Курман айт майрамынын алдын ала датасы белгилүү болду
Муфтият так күнү 5-июль деп аталат
Быйыл кыргыз эли Курман айтты 9 же 10-июлда белгилейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
"Так датасы айдын абалына жараша 5-июлга жакын аныкталат", - деп билдирди муфтият.
Курман айт мусулмандардын негизги майрамы, ажылык жөрөлгөсү – ыйык жерлерге зыярат кылууну аяктайт. Бул күнү динге ишенгендер мал курмандыкка чалышат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз