Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуу Британияга жумушка орношуу үчүн 7 миңден ашуун кыргызстандык кайрылган

Май айында Кыргызстандын 203 жараны Лондонго учуп кеткен, июнь айында дагы 400дөн ашуун жаран учуп кетет

Быйылдан тарта кыргызстандыктар Улуу Британияга (Ирландия, Шотландия, Уэльс жана Англия) 6 айга чейин иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” форумунда билдирди.

«2022-жылдын 16-мартында Тышкы иш менен камсыз кылуу министрлигинин борбору Улуу Британияда жарандарды айыл чарбасында сезондук жумушка тартуу жана ишке орноштуруу боюнча келишим түздү. Келишимге ылайык, 2022-жылга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 1000 адамга квота бөлүнгөн.

Жарандардын арасында каттоо жана тандоо AgriHR сайтында акысыз жана өз алдынча жүргүзүлдү. 2022-жылдын 1-июнуна карата 7 миңден ашык жаран каалоосун билдирген. Май айында Лондонго Кыргызстандын 203 жараны учуп келсе, июнь айында 400дөн ашуун жаран учуп кетиши керек», - деди ал.

ЭСӨМ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх