Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте троллейбус башкармалыгынын имараттары оңдолуп жатат

 Тактап айтканда, учурда 5 көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык имараттарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, учурда ишкананын карамагындагы 5 көмөкчордондору, Депо 1 жана Депо 2 имараттарында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. 2 көмөкчордондо оңдоо иштери аяктады.

Капиталдык оңдоо имараттын ички жана тышкы жасалгасын камтыйт жана башкармалыктын эсебинен жүргүзүлөт.
Эске салсак, оңдоо иштери 12-апрелде башталган.

Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгында 19 көмөкчордон бар.

Мэрия Бишкек

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх