Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Валентина Шевченко кайрадан Кыргызстанга эс алууга учуп келет

Жетинчи ирет титулун коргогон UFC чемпиону эртең Бишкекке келет

UFC уюмунун учурдагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко эртең, 15-июнда Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу маалымат Бүткүл дүйнөлүк улуттук күрөш федерациясынын "Кулатуу Эртаймаш ММА" (WEF) Фейсбуктагы баракчасында пайда болду.

«15-июнда UFC уюмунун жеңил салмактагы 7 жолку чемпиону Валентина «Пуля» Шевченко Бишкекке учуп келет», — деп жазат федерация.

Эске салсак, Валентина  Шевченко жакында эле бразилиялык спортчу Тайла Сантос менен болгон беттеште жеңишке жеткен UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону наамын жетинчи ирет тастыктаган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх