Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов МАИчилердин кызматтык тартибине тынчсызданды

Генерал ИИМдин Тышкы чалгын кызматына милиционерлер арасындагы мыйзам бузууларга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле ГУОБДДнын постторундагы офицерлердин санын көбөйтүү сунушталууда

2022-жылдын 13-июнунда ИИМдин Борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун төрагалыгы алдында кызматтык тартипти сактоо жана мыйзамдуулукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге ИИМдин ЖКККББнын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, Бишкек шаары боюнча МККБнын, Чүй облусу боюнча ЖКККБнын жетекчилери, ошондой эле ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын начальниктери катышты.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жогорку кызматтык тартиби мамлекеттик укук коргоо түзүмү катары ички иштер органдарынын натыйжалуу иштешинин маанилүү шарты болуп саналары шексиз.

 Октябрь Урмамбетов ички иштер министри тарабынан жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү, Жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында үгүт-эскертүү иштерин жүргүзүү боюнча коюлган тапшырмаларды эске салды.  

Ошону менен бирге кеңешмеде олуттуу кемчиликтер дагы баса белгиленип, өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун бузулушу, тактап айтканда Бишкек шаарынын ИИББдин МККБнын кызматкеринин пара талап кылууга шектелип кармалышы жана ЖКККББнын кызматтык унаасынын катышуусу менен катталган жол кырсыгы мисал катары айтылды. Кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы, бөлүмдөрдүн ыкчам-кызматтык ишин уюштуруудагы олуттуу кемчиликтери үчүн бир катар кызматкерлер, анын ичинде жетекчилер жазаланары эскертилди.  

Ал эми, ИИМдин Ички иликтөө кызматына кызматтык тартипти бузгандарды аныктоо жана алдын алуу, ИИОнун айрым кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

 “Азыркы учурда ИИМдин алдында бардык багыттар боюнча иштин сапатын жогорулатуу, милициянын практикалык ишине заманбап техникалык, усулдук, маалыматтык каражаттарды киргизүү сыяктуу маанилүү милдет турат. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө, жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу маселелер өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанилүү критерийи жарандардын ишенимине ээ болуу жана аларды колдоо болуп саналат”,- деп белгиледи Октябрь Урмамбетов.

“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлорунун ишмердүүлүгү ички иштер органдарынын тутумунда маанилүү орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө аларда жол кыймылынын коопсуздугун ишке ашыруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө башкы тапшырмалар турат. Алар коомдук тартипти сактоонун жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алдыңкы сабында турушат. Ошондуктан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлору коомчулук менен тыгыз өз ара аракеттенүүлөрү керек.  Бирок, бүгүнкү күндө алардын иш-аракеттери жөнүндө терс пикирлерди угууга аргасызбыз. Коомчулук негизинен ЖКККБнын кенже жетекчилик курамынын (сержанттар, прапорщиктер) жана милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын ишин көрүп турат. Жарандардын баалоосунан милициянын иши жөнүндө жалпы пикир калыптанат”, - деди министрдин орун басары.

 Кеңешмеде посттордогу жоопкерчиликти жогорулатуу максатында офицердик курамды, өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда инспекторлордун санын көбөйтүү боюнча сунуш көтөрүлдү.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен ЖКККББнын жана МККБнын жетекчилик курамынын алдына ИИМдин жетекчилиги тарабынан мурда коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча ишти күчөтүү, кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүү, жолдордо коопсуз кыймылды камсыздоо, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча чараларды көрүү тууралуу бир катар тапшырмалар коюлду.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх