Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкекжашылчарба» ишканасы сезондук жумушчуларды издейт

18 жаштан 50 жашка чейинки бардык каалоочулар кабыл алынат. Сезондук иш

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына сезондук жумушчулар керек.

«Биз Бишкек шаарын жашылдандырууга катышууга даяр 18 жаштан 50 жашка чейинки эмгекчил адамдарды кубаныч менен тосуп алабыз. Иш графиги 8:00дөн 16:00гө чейин, төлөм үзгүлтүксүз жүргүзүлөт», — деп айтылат Бишкек мэриясынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, сезондук жумуштар климаттык жана башка табигый шарттардан улам белгилүү бир убакыттын ичинде аткарылуучу жумуш деп таанылат.

Эгер сиз борбор калаанын багбандарынын бири болууга даяр болсоңуз, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0312 37 53 32, 0 500 700 441.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх