Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Кыргызстандын эсебинде дагы үч медаль бар

Кыздар алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар дагы үч медалга ээ болушту.

United World Wrestling сайтынын маалыматына ылайык, алтын медалды Гүлнура Таштанбекова жеңип алды. Ал Индиядан келген спортчу менен беттешкен. Айтолкун Медет кызы Кореядан келген спортчу менен беттешип, коло медаль тагынды. Ал эми Динара Амантурова өзбекстандык атаандашы менен беттешип, күмүш медаль тагынды.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары командалык эсепте 1-орунду ээлегенин жазган. Кыргызстандан 10 балбан катышып, анын төртөө алтын медалга ээ болушту. Ошондой эле үлүштө бир күмүш жана эки коло бар.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх