Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакшы акция! Панфилов сейил багында аттракциондорго 50% арзандатуу менен түшө аласыз

Атайын акция жай бою, ар шаршемби күнү саат 11:00дөн 18:00гө чейин иштейт

Жайкы каникулдун башталышы менен Бишкектеги  И.Панфилов атындагы парк борбор калаанын жарандары жана коноктору, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аттракциондор үчүн атайын акцияны баштады.

Ар шаршемби күнү саат 11:00дөн 18:00гө чейин бардыгы 50% арзандатуу менен паркта эс ала алышат, башкача айтканда, ижара баасы 80 сом эмес, 40 сом.

Айлануучу мунара, мини-зоопарк жана 12D кинотеатры - ар бири 70 сомдон.
Акция жайдын аягына чейин уланат.

Белгилей кетсек, бардык аттракциондор жана механизмдер тиешелүү техникалык экспертизадан өткөн.

Урматтуу шаардыктар, балдар жана борбордун коноктору! Сиздерди биздин аттракциондорубузда шамалдап көңүл ачууга чакырабыз!

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх