Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров батут ээлери менен жолугушту

Мэр депутатка демилгени БШКнын 29-июнда боло турган жыйынына алып чыгып, жобону иштеп чыгып, бекитүүнү сунуштады

Бир күн мурун мэр Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын муниципалитетинде батут ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


     
Жолугушууда батуттардын мындан аркы тагдыры талкууланды. Батут иштеткендер  аларды иштетүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен мэрге кайрылышкан.
     
Өз кезегинде БШКнын орун басары Таалай Темиркулов батуттар мыйзамдуу иштеши үчүн тиешелүү жобо иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.



Эмилбек Абдыкадыров депутатка демилгени 29-июнда боло турган жыйынга алып чыгып, жобону иштеп чыгып, бекитүүнү сунуштады.

Эске салсак, шаарда батуттар менен 15 пункт бар.
     
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх